AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯ

КОНОК ЛЕКЦИЯ
 Dec 19, 2019  548

Экономикалык-юридикалык факультетинин Юк – 1-16  тайпасынын студенттерине милициянын подполковниги Заир Саматов конок лекциясын окуду.  Бул тууралуу факультеттен билдиришти.

Аталган факультеттин окутуучусу Т. Суусунбаевдин криминалистика сабагынан ачык саат уюштурулуп, анда З. Саматов күнүмдүк жумушунда кездешүүчү окуялар тууралуу лекция окуп, практика жүзүндө мыйзам чегинде кандай чаралар көрүлөрүн көрөзүп берди.

Заир Саматов, бүгүнкү студенттер эртеңки биздин кесиптештерибиз. Андыктан өз тажрыйбаларыбыздан бөлүшүп, келечектин мыкты адистерин даярдоого көмөк көргөзүүгө чын дилден даярбыз. Бүгүнкү жаштардын зиректиги, аракетчилдиги кубандырды – дейт ал.

  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ