AVN







ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
 Dec 18, 2019  488

Медицина факультетинни Фармация кафедрасындагы профессордук-окутуучулук курамы Фармация адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштуруп, университеттин окуу процесстери жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат беришти.

Кафедра башчысы б.и.к.,доцент Ж.М.Орозбаева аталган  кафедранын өнүгүү тарыхын  слайд аркылуу презентациялап, алдыда аткарылуучу жумуш тууралуу ой бөлүштү.

 Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелерге,студенттерге сөз берилди,окуу процессине тиешелүү ошондой эле жалпы университетке тиешелүү суроо-жооптор талкууланды. Билим жагынан эн жакшы окуган  жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкан студендин ата-энелерине ыраазычылык кат берилди. Соңунда ата-энелерди студенттер окуган канааларга экскурция жасашып,  фармация кафедрасынын жалпы жамаатына  ыраазычылыктарын билдирип , каалоо-тилектерин айтып  кетишти.

  • ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ