AVN







ПРАКТИКА МӨӨНӨТҮН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ

ПРАКТИКА МӨӨНӨТҮН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ
 Dec 18, 2019  682

Жалал-Абад колледжинин «Энергетика жана физика» ПЦКсынын «Электр менен камсыздоо» , «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо конференциясы уюштурулду.

             Конференцияга «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-01-18, ЭСС-2-17 тайпаларынан  жалпы 40 студент катышып, өндүрүштүк  практикада жасалган жумуштарынын презентациялашты.       

ЖАМУнун практика боюнча башкы адиси Жолдошбаева Н., ЖАКтын директору п.и.к., доцент Турдубаева Б., ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат жана практика жетекчилери Алимбаева Г. Курбанов А. жана «Энергетика жана физика» ПЦКсынын төрайымы Шаимкулова С. Катышып, өз бааларын беришти.

            Белгилей кетсек, райондук электр тармактарына практикага чыккан студенттерди жумушка алып калуу сунуштарын өндүрүш жетекчилери билдиришти. Алар, Эск-01-18 тайпасынан Абдимиталип уулу Шермамат, Камбаров Абдулла ЭССк-2-17 тайпасынан Батырбеков Замирди Базар-Коргон  РЭТи, ал эми Жалал-Абад  РЭТке Бакиров Дастанды, Абдурасулов Баэлди  жумушка чакырышкан.

            Конференциянын сонунда студенттер тарабынан төмөнкүдөй сунуштар болду: практика өтөө убактысын күндүн жылуу, жаан чачын болбогон мезгилине жылдырып берүүсүн суранышты, ошондой эле студенттердин райондорго практикага чыгуусуна чектөөнү  алып таштоону кошумчалашты.

  • ПРАКТИКА МӨӨНӨТҮН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ
  • ПРАКТИКА МӨӨНӨТҮН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ