AVN







АЙТМАТОВ КАЙРА ТАЛКУУДА

АЙТМАТОВ КАЙРА ТАЛКУУДА
 Dec 17, 2019  588

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында “ОКУ” долбоорунун алкагында “Канткенде адам уулу адам болот? ” деген аталышта  элибиздин залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча окурмандардын таймашы болуп өттү.

Аны “Ыйык Ата журт ” коому биргеликте уюштурган. Ага ЖАМУнун доценттери А. Кадырова жана Д. Чокоевалар уюшутуруучу катары катышышты. Анткени ага жашы чектелбегендиктен көрөңгөлүү элибиздин бардык курактагы өкүлдөрү келишкен. ЖАМУнун 4-курсунун студенттери Ү.Туракулова, Г.Токторали кызы жана доцент К.М. Ураимовдор жана бир топ студенттер, окутуучулар, мектеп окуучулары, ар түрдүү кесиптин ээлери катышышты.

Таймаш тест түрүндө болуп, алгач атайын эксперттердин жана катышуучулардын катышуусу менен Бишкек шаарынан алынып келинген тест баракчаларынын баштыгы ачылды..  Тайпалар 2 багытта иш алып барышты. 1-багыт “Кылым карытар бир күн” романы,  2- багыт “Ак кеме” повести чыгармаларынын негизинде болду.

Жыйынтыгы 21-декабрда белгилүү болоорун билдиршит.