AVN







ЖАМУда “Илим күнү” белгиленди

ЖАМУда “Илим күнү” белгиленди
 Nov 13, 2017  1058

“Илим” күнүнө карата 10-ноябрында ЖАМУнун чоң жыйындар залында илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору К.С.Алыбаевдин сөзү менен ачылып, 300дөн ашуун студент, 80 профессордук окутуучулук  курам катышты.

Төмөндөгүдөй окутуучулар тарабынан 7 пленардык илимий баяндамалар жасалды.

Филология илимдеринин доктору, профессор, А.М.Эшиев «Кыргыз тилинин элдик, коомдук –саясий, улуттук жана адабий –көркөм функциялары» темасы боюнча кызыктуу баяндама жасады.

Экономика илимдеринин доктору, профессор, А.Зулпукаров «Элдердин жашоо деңгээли экономиканын өнүгүүсүнө көз каранды» деген темада маанилүү баяндама жасады.

Философия илимдеринин доктору, Г.С.Токоева «Бел болчу билимдин» метафизикасы аталыштагы илимий баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкагында билим берүү жана илим маселелерине токтолду.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Г.Т.Токтогулова «Жалал-Абаддагы билим берүү башаттары» темасында илимий баяндама жасап, Жалал-Абаддагы эң алгачкы агартуучулук аракеттерге илимий өңүттө анализ берди.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Э.А.Авазов «Омоктуу окуу жайдын ооматтуу жолу» деген темада илимий баяндама жасады. Ал өз сөзүндө алгачкы билим берүүчүлөр жана окуу жай тууралуу ооматтуу жолдорун айтып өттү.

Филология илимдеринин доценти, А.Оморов «М.Кашкари: түрк тилдеринин фонетикалык системасы жана аны араб ариби менен жазуу тууралуу» аталыштагы илимий баяндама жасады. 11-кылымда М.Кашкаринин  Араб алфавити менен кыргыз тилинин тыбыштарынын айтылышы тууралуу жана кыргыз тилинин араб тилинде жок ариптерди Ч,П, Дифтонг (W), Ң, Г(U),Ө,Ү жана башка ушул ариптер тууралуу кеңири маалымат берди.

Окутуучу А.Акматов «90% оорунун себепчиси остеохондроз» деген аталышта илимий баяндама окуду. Ал остеохондроз ооруусунун белгилери тууралуу токтолду. Дененин муундары менен булчуңдардын ортосундагы кемирчектин ийилиши, уюшу, өзгөчө моюн, желке омуртка муундарда кездешээрин айтты.

Конференцияда 7 секция иш алып барды жана анда 74 илимий баяндама жасалды. Секция башчыларынын протоколдорунун негизинде секциядагы мыкты илимий баяндамалар үчүн, I,II,III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Илимий баяндамалар “ЖАМУнун жарчысы” басылмасына сунушталды.

Белгилей кетчү нерсе, 1987-жылы Кугарт айыл өкмөтүнүн тургуну Култеков Кабылбек тарабынан Ооташ деген жерден табылган коло дооруна таандык уникалдуу табылга конференцияда тарыхчы К.Бердиходжаев тарабынан талкууга сунушталды.

  • ЖАМУда “Илим күнү” белгиленди
  • ЖАМУда “Илим күнү” белгиленди
  • ЖАМУда “Илим күнү” белгиленди