AVN







Студенттер төл жана бөтөн сөздөрдү үйрөнүштү

Студенттер төл жана бөтөн сөздөрдү үйрөнүштү
 Dec 16, 2019  674

Кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.Жалилова тарабынан  12-декабрь күнү ПМТФнын ФМББи-1-19 тайпасына «Төл жана бөтөн сөздөр, анын түрлөрү» деген темада ачык сабак өттү. Сабакка ПМТФнын деканы ф.и.к., доцент Р.Шамшиев, информатика жана ОМТ кафедрасынын башчысы Г.Маматова, кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу К.Кошойкановдор катышышып, соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти.

Студенттер сабакта төл сөздөр менен бөтөн сөздөрдүн жазылышын, тыныш белгилерин тура коюуну жана тике сөздөрдү кыйыр бөтөн сөздөргө айландыруунун жолдорун өздөштүрүштү жана текст менен иштөөдө жупта, топто иштешип, бир канча интерактивдүү усулдар пайдаланылды.

Артыкчылык катары сабактын материалдары компьютер аркылуу берилгендигин жана алардын адистигине түздөн-түз тиешелүү экендигин айтсак болот – деп билдирди  кыргыз тил кафедрасынын окутуучусу Г.Ашимбаева.

  • Студенттер төл жана бөтөн сөздөрдү үйрөнүштү
  • Студенттер төл жана бөтөн сөздөрдү үйрөнүштү