AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Dec 16, 2019  585

Медицина факультетинин “Морфологиялык  дисциплиналар”
кафедрасынын эмгек жамааты студенттердин ата-энелери менен жолугушушту.  “Ата-эне, студент жана окутуучу” деп аталган  ата-энелер жыйыны өткөрүлүп, ага 5 тайпанын студенттеринин ата-энелери жана жакындары келишти.

Жыйында окуу жайдын материлдык-техникалык базасы тааныштырылып, , AVN программасы, окуу процесстери жөнүндө маалыматтар айтылды.

Медицина факультетинде чет элден жана кошуна Өзбекстан Республикасынан келген студенттер билим алгандыктан, алыскы  Самарканд, Андижан, Намангандан келип, балдарынын сабактары менен таанышкан ата-энелер да болду.

 Бул иш чараны кафедранын окутуучусу Азимбаева Орозбү  уюштуруп, өзбек жана индус улутундагы  студенттер кыргыз тилинде ырдашты, манас айтышты. Жакшы окуган студенттердин ата-энелерине Алкыш каттар ыйгарылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ