AVN







ААЛАМДАШУУ ДООРУНУН МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ КАДАМ

ААЛАМДАШУУ ДООРУНУН МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ КАДАМ
 Dec 16, 2019  536

      Жалал-Абад колледжинин “Педагогика жана  социалдык иш” бөлүмүнүн “Башталгыч класстарда окутуу” адисинде, “Ааламдашуу доорунун мектебине жаңы кадам”-деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Президентибиздин жарлыгына ылайык 2019-жыл “Региондорду  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата уюштурулду.

         Тегерек столго студенттер, окутуучулар, Эл агартуунун отличниги, ЖАМУнун ардактуу профессору А. Абазов, областтык билим берүү борборунун директорунун орун басары “Мугалимдер дүйнөсү газетасынын редактору,  жазуучу Т.Тургуналиев жана областтык  билим берүү борборунун башталгыч класстарда окутуу боюнча усулчусу  Б.Н. Кадырова келип катышышты. 

Бул тегерек столдо студенттер азыркы учурдагы мектептеги көйгөйлөр, андан чыгуунун жолдору, предметтик стандарттар,  окуучулар менен иш алып баруудагы ийгиликтер жана кемчилдиктер боюнча суроолорду беришти.

           Тегерек столго келген коноктор студенттердин жана окутуучулардын суроолоруна жооп берип, өздөрүнүн ойлорун айтышты.

  • ААЛАМДАШУУ ДООРУНУН МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ КАДАМ
  • ААЛАМДАШУУ ДООРУНУН МЕКТЕБИНЕ ЖАҢЫ КАДАМ