AVN







ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
 Dec 16, 2019  636

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде “1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө”   карата  студенттер арасында “Дени сак эл- өнүккөн өлкө” урааны менен  “Биз СПИДке каршыбыз” деген темада колледждин денгээлинде иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Фарм-1-17, Фарм-5-17 тайпаларынын студенттери катышып, СПИДден  кантип  сактануу керек, СПИД кандай жолдор менен жугат, кандай учурда жукпайт деген темаларда  студенттерге тарбиялык мааниси бар көрүнүштөрдү көрсөтүштү.  СПИДке каршыбыз деген сүрөт көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө студенттер активдүү катышышты. Медициналык колледжинде куратордук сааттар ар бир тайпага  өтүлдү. “Биз СПИДке каршыбыз иш-чараны жаштар комитети жана тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева тарабынан уюштурулду.

  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ