AVN







КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА

КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА
 Dec 16, 2019  619

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти жана бир окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте Кыргыз радиосу тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата жогорку окуу жайларынын ортосунда өткөрүлгөн «Тилим менен улутмун» аттуу республикалык радио викторинага катышып келишти.

Викторинада кыргыз тили тууралуу көркөм окуу окушуп,  кыргыз тилинин тарыхынан суроолорго жооп беришип, берилген көөнө сөздөрдү чечмелешип, чачыранды тамгалардан сөз айкаштарын түзүшүп, анын негизинде фразеологизмдерди, макал-лакаптарды айтышты.

Жыйынтыгында студенттер баалуу белектер менен сыйланышты жана 2020-жылда өтүлүүчү сынакка жолдомо алышты.

Белгилей кетсек, викторинага педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин Ф-1-16 тайпасынан Бегалиев Абдымалик, М-1-18 тайпасынан Раева Мадина, Т-1-19 тайпасынан Эшенкулов Мыктыбек жана кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.Жалиловалар катышкан.

  • КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА
  • КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА
  • КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА
  • КЫРГЫЗ РАДИОСУНДАГЫ ВИКТОРИНА