AVN







БҮГҮНКҮ КАЙДЫГЕРЛИК ЭРТЕҢКИ ТРАГЕДИЯБЫЗ

БҮГҮНКҮ КАЙДЫГЕРЛИК ЭРТЕҢКИ ТРАГЕДИЯБЫЗ
 Dec 16, 2019  1050

Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинде “Үй бүлөлөрдү жана балдарды психологиялык жактан колдоо” ошондой эле кыйноолордун алдын алуу жана зордук зомбулукка каршы деген темада иш-чара уюштурулду. Ага аталган факультеттин деканы Расул Шамшиев жетектеген профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

Иш-чарада коомдо күн сайын орун алып жаткан зордук-зомбулук жөнүндө талкуу жүрүп, анын алдын алуу жөнүндө сунуштар айтылды.

Факультеттин деканы Р. Шамшиев,  айланабызда орун алып жаткан зордук-зомбулукка бүгүн кайдыгерлик менен карасак, эртең өз башыбызга келиши айдан ачык. Андыктан терс көрүнүштөргө убагында чара көрүп, коомдун өнүгүшүнө, замандын тынчтыгына ар бирибиз салым кошо алаарыбызды белгиледи.

  • БҮГҮНКҮ КАЙДЫГЕРЛИК ЭРТЕҢКИ ТРАГЕДИЯБЫЗ
  • БҮГҮНКҮ КАЙДЫГЕРЛИК ЭРТЕҢКИ ТРАГЕДИЯБЫЗ
  • БҮГҮНКҮ КАЙДЫГЕРЛИК ЭРТЕҢКИ ТРАГЕДИЯБЫЗ