AVN







МАДАНИЯТ ТАЗАЛЫКТАН БАШТАЛАТ

МАДАНИЯТ ТАЗАЛЫКТАН БАШТАЛАТ
 Nov 13, 2017  1132

Жалал-Абад шаарындагы тазалыкка кам көрүү максатында 11-ноябрда “Таза университетим” аталышындагы тазалык акциясы болду. Анда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери окуу жайдын айланасын жана көчөлөрдү таштандыдан тазалашты.

КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар жумалыгы жарыяланган. Бир жума аралыгында ар кандай маданий, коомдук иштер камтылып, аткарууга алынган. Ошол жумалыктын алкагында бүгүнкү акция турмушка ашырылды.

Жалал-Абад колледжи жана филология факультети Токтогул көчөсүн темир жол авто бекетине чейин тазалашса,  экономикалык, юридикалык факультети менен табигый технологиялар факультетинин студенттери Спутник кичи шаарчасында Жалалабад курулушунан баштап Манас проспектисине чейин таштандыларын алышкан.    Педагогикалык маалыматтык технологиялар  факультети, медициналык колледж менен биргеликте  Мырзакул болуш көчөсүнөн ЖАМУнун башкы корпусуна чейин тазалашкан.

Маданият тазалыктан башталат демекчи ар бир жаран тазалыкты сактаса таза шаарда, таза коомдо жашообуз толук мүмкүн эле. Тилекке каршы, кайдыгар мамиле жасап чөйрөнү таштандыга толтуруп келгенибиз өкүндүрөт.