AVN







БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....

БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....
 Dec 14, 2019  728

Медицина факультетинин  студенттери 3-декабрь күнү  Жалал-Абад шаарында жайгашкан   «Аль-Амаль» майып балдар интернатына барышып, мүмкүнчүлүгү  чектелген балдардан кабар алып, жеринде куттуктап  келишти .

Студенттер өз ыктыярлары менен акчалай каражат топтоп, мөмө-жемиштер, жылуу байпактар, памперс жана азыктарды  алып барып беришти . “Бул жайдын жашоочулары ар убак колдоого жана көңүл бурууга муктаж. Бирок, ар бирибиз өз жашообуз менен жүрүп, кайрымдуулукту, мээримдүүлүктү эстен чыгарып келебиз. Антсе да бул күнү жалпыбыз чогулуп, балдарга майрамдык маанай туртуулай алганыбызга кубанып атабыз” –  дешет студенттер.

Балдар интернатында республиканын ар кайсы облустарынан келген 5 жаштан 18 жашка чейинки  жалпы 100гө жакын мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар даарыланууда алардын ичинен  40 кыз жана 60 уул бала бар.

  • БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....
  • БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....
  • БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....
  • БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ.....