AVN







БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Dec 14, 2019  876

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мед пункту тарабынан уюштурулган бир айлык «Биз СПИДге каршыбыз» акциясынын жыйынтыгы  чыгарылды. Окуу жайдын жалпы факультеттеринин студенттери катышып, адистер тарабынан маалымат берилди.

СПИД адамга кандай жолдор менен жугуп калат?  Спидге чалдыккан адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот?  Эгер адамдын организминде спидге тиешелүү белгилер пайда болсо, алгач кайда кайрылуу керек?
СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат:  СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан – бул негизинен баңгилердин арасында, жана СПИД оорусуна кабылган энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек сүтүн берүүдө жугат.  Ал эми СПИД өбүшүүдөн, кучакташуудан жана бааларашуудан  жукпайт.

СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу эсептелет.

Эгер адамдын организминде инфекцияга  тиешелүү белгилер пайда болсо, алар биринчи СПИД борборуна барып анализ тапшылуу зарыл, ошол анализдин негизинде  адистериге кайрылуулусу зарыл.

Кыргызстанда ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандардын өсүшү өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Учурда Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 807ге жетти, алардын 52си СПИД ооруусу менен катталып, 44 адам каза болгон. Адистердин айтымында, ВИЧке чалдыккандардын 80 пайызы бул илдетти баңгизатты колдонуу менен ийне аркылуу жугузгандар. Акыркы мезгилде бул илдетти жыныстык жол менен жугузгандардын да саны көбөйүүдө –  дейт ЖАМУнун дарыгери  Ибраимова Нурсулуу .
 

  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ АКЦИЯСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ