AVN







ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ
 Dec 13, 2019  625

Бүгүн, 12-декабрь күнү факультеттер аралык чет тили кафедрасынын “Баарлашуу” ийриминин мүчөлөрү жаңы жылдык кече уюштурду. Кечеге Педагогика адистигинин П – 1-19 тайпасынын студенттери катышышты.

Ийримдин жетекчиси  Нурия Тургунбаеванын  айтымында, англис тилинде ыр ырдап, декламациялар окулган. “Мындай иш-чараларды уюштуруу менен жаштардын чет тилге болгон кызыгуусун арттырып, алардын көп тил үйрөнүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Тилин билсең дилин билесиң деген жакшы сөз бар, андыктан башка өлкөлөрдүн маданиятын үйрөнүп, дүйнө таанымы өсөт” – дейт ал.

Иш-чарага факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы Ыкыбал Жолдошбаева катышып, студенттерге громаталарды тапшырды.  Ал эми иш-чаранын демилгечилери   Н. Тургунбаева жана Ч. Кушубакова.

  • ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ