AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУ АРТУУДА

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУ АРТУУДА
 Dec 12, 2019  675

             Филология факультетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Г.Каленбекова  Биология адистигинин   Б-1-19 тайпасына Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча “Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр” деген темада ачык сабак өттү. Сабакка кафедра мүчөлөрү доцент м.а. Г.Көчөрова, улуу окутуучу Г.Ашимбаева, окутуучу Ж.Жапарова жана биология кафедрасынан  Б.Жээнбекова катышышты..

          Интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өтүлгөн  сабакта  окутуучунун студенттер менен иштөө чеберчилиги,  студенттердин, айрыкча чет өлкөлүк студенттердин  кыргыз тилине кызыгуусу байкалды.

    Окутуучунун теориялык маселелерди чет өлкөлүк студенттердин эне тилинин грамматикасынын материалдары менен  салыштырып, айкалыштыра баяндаганы белгилөөгө арзыйт. Бул тууралуу  улуу окутуучу Г.Ашимбаева кабарлады.

  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУ АРТУУДА
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУ АРТУУДА
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУ АРТУУДА