AVN

ХИМИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАРДЫН БИР АЙЛЫГЫ ЖҮРҮҮДӨ

ХИМИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАРДЫН БИР АЙЛЫГЫ ЖҮРҮҮДӨ
 Dec 12, 2019  953

Табигый-техникалык факультетинин “Химия “ кафедрасында 2019-2020-окуу жылынын 1-жарым жылдыгы боюнча  ачык сабактардын бир айлыгы жарыяланып, анын негизинде сабактар жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, ачык сабак  14-ноябрдан 14-декабрга чейин  уланат. Анда кафедранын доценти Н.Б.Арстанбекова  Х-1-18 тайпасына  Табигый илимий билимдерди окутуунун усулу предметинен “Мугалимдин сабакка даярдыгы” темасында лекциялык сабакты, окутуучу Г.Молдошева Б-1-19 тайпасына “Эритмелер жана алардын концентрациясын туюнтуунун жолдору ” темасында лабораториялык сабакты, ага окутуучу М.Сатканкулова Х-1-17 тайпасына  Аналитикалык химия предметинен “Буфердик эритмелер” темасындагы лекциялык сабакты,  окутуучу А.Болотбеков Х-1-9 тайпасына  Химия предметинен  “Кычкылдануу- калыбына келүү реакциялары” темасындагы лабораториялык сабактарды өтүшкөн.

  Ачык сабактардын жүрүшүндө  окутуучулар өз ара тажрыйбаларын бөлүшүп, сунуштар айтылды. Өтүлгөн ар бир сабактар талкууланып, анализдер берилди. Мындай ачык сабактардын системалуу түрдө өтүлүп турушу  окуу процессин жакшыртууга өбөлгө түзөрү калетсиз экенин белгиледи Н. Арстанбекова.

  • ХИМИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАРДЫН БИР АЙЛЫГЫ ЖҮРҮҮДӨ