AVN







ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......

ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......
 Dec 11, 2019  721

 “Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу, студенттердин жаркын келечеги” темасындагы чогулуш Жалал-Абад колледжинин  Башталгыч класс мугалими адистигинин МКМк 03-18 тайпаснын студенттеринин ата-энелери менен болуп өттү. Ата-энелерге Башталгыч класстын адистигинин студенттеринин күтүлүүчү натыйжалары тааныштырылды.

Колледжин окутуучулары аталган адистиктин коомдогу орду жана келечеги тууралуу ата-энелерге маалымат беришти. Андан сырткары видеотасма аркылуу  презентация жасалып, баяндамалар окулду.

         Окутуучулар тарабынан   келген конокторго окуу жайдагы жаңылыктары жөнүндө маалыматтар айтылып, окуу корпустарга экскурция жасалды.  Уул-кыздарынын кандай шартта билим алып жатканынан жана билим сапаты боюнча кабардар болушту.

Мындайжыйындарда ата-энелер өз балдарында кездешүүчү көйгөйлөрүнөн, кыйынчылыктарынан кабардар болууга мүмкүнчүлүк болоорун билдирип, чогулуштар тез-тез болуп туруусун сунушташты.

  • ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......
  • ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......
  • ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......
  • ӨЗ БАЛДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУШУП......