AVN







БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!

БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!
 Dec 11, 2019  1987

Бүгүн 11-декабрында Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында “Адам  укугу жана зордук – зомбулуктун алдын алуу ” акциясынын алкагында 4-курстун студенттеринин катышуусу менен  “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” аталышындагы куратордук ачык саат болуп өттү. Ачык сааттын жүрүшүндө темага байланыштуу видеотасмалар, ар түрдүү тематикадагы сүрөттөр, иллюстрациялар, плакаттар ж.б. колдонулду. Иш-чарага окутуучулар, студенттер катышышты.

Теманын алкагында кафедра башчысы, профессор Сакиева С.С.,  доцент Ураимов К.М., окутуучулар Шишкараева А.К., Мокуева Н.Ш., Төрөбекова А.Э., Раимкул кызы Айжамал жана студенттердин ортосунда ар түрдүү дебаттык суроо-жооп талкуулар жүрдү. Натыйжада бүгүнкү күндөгү балдардын укуктарынын кандай шартта экендиги, аларга карата ата-энелердин агрессиялык терс мамилелери кызуу талкууланып, болочоктогу мугалим катары балага карата мамиле жана анын жакшы жолго коюлушу жөнүндө ойлор айтылды. Бул иш-чараны доцент К.М. Ураимов уюштурган.

  • БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!
  • БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!
  • БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!