AVN







АДАМ РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА

АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
 Nov 10, 2017  982

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 9-ноябрь күнү “Көчмөндөр маданияты” фестивалынын экинчи күнү өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Анда окуу жайдын үч факультетинин студенттери таланттарын тартуулап,  улуттук оюндар ойнолду жана улуттук тамак-аштар көргөзмөгө коюлду. Андан сырткары бул фестивалга жалпы жети факультеттин студенттери катышты.

Бул күнү Медициналык факультети, Табигый техникалар факультети жана филология факультетинин студенттери өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Улуу көчтүн жолун улап, ата-бабалардын каада-салт, үрп-адаттарын театрлаштырып, көрүүчүлөргө сунушташты.

Адам руху анын тарыхында демекчи, бай тарыхыбызды унутта калтырбай кийинки муунга калтыруу максатында окуу жайдын окутуучулары күжүрмөн аракеттерди жасап келишет. Кошумчалай кетсек мындай иш-чараны биринчилерден болуп Жалал-Абад облусу боюнча аталган университеттин жамааты уюштурду.

Ошентип фестиваль аяктап, мыкты даярданган, аткаруу чеберчилиги жакшы студенттерге дипломдор ыйгарылды.

Калыстар тобунун төрайымы Салтанат Асилова “Ушул иш-чараны уюштурган уюштуруучуларга рахмат. Тандалган тематика учурдун курч темасы. Кыргыз эли түптүү эл, жигиттери башына өлүм келип турса да артка кайтпаган. Бүгүн мырзаларыбыздын ушул артыкчылыгын көрө алдык. Улуу элдин урпагы экенибиз бүгүнку жаштардын аткарган чыгармаларынан эле байкасак болот. Бирок, чындыкты айтып коюш керек. Кээ бир катышуучулар эптеп эле даярданып келишкен экен.

  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА
  • АДАМ  РУХУ АНЫН ТАРЫХЫНДА