AVN







АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ

АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ
 Dec 11, 2019  601

Табигый-техникалык факультетинин Биология кафедрасынын Бк-1-19 тайпасынын студенттери жана Биология кафедрасынын окутуучусу а.ч.и.кандидаты Б.Ж. Жээнбекованын уюштуруусу менен “Алсызды жөлөгөнүң, ырыска бөлөгөнүң” жана  “Карыларды сыйлайлы” деген аталыштагы демилге менен   Багыш айыл өкмөтүндөгү карылар үйүндө кароосуз калган карыларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап белектер берилип, чакан концерт тартуулашты.

Мындай маалыматты  Биология кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к., доцент А.Токторалиев  билдирди.

Элибизде  “Ата сыйлаган абир табат, Эне сыйлаган элге жагат”деген макалдар жөн жеринен  айтылып калбаса керек.  Себеби ак сакалдуу  аталардын акылы тунгуюктан  жол таап,  келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды  туура жолго  тарбиялап келишкен. Бул демилгени уюштуруунун дагы бир себеби азыркы өсүп келе жаткан жаш муундарды карыларды сыйлоого, урматтоого чакыруу болуп саналат. Кароосуз калган карылардан кабар алуу жыл сайын салт катары  уюштурулуп келет дейт Биология  кафедрасынын окутуучусу а.ч.и.кандидаты Бурулай  Жээнбекова.

  • АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ
  • АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ
  • АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ
  • АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ
  • АЛСЫЗДЫ ЖӨЛӨГӨНҮҢ, ЫРЫСКА БӨЛӨГӨНҮҢ