AVN







БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ

БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ
 Dec 11, 2019  1173

Кыргызстанда 5710 адам ВИЧ/СПИД инфекциясына чалдыгып,  оору менен ооруйт. Мындай пикир медициналык факультетинин Морфологиялык дисцплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулган жүрүштө айтылды.

“Биз СПИДге каршыбыз” аталышынагы жүрүштө студенттер АТФнын имаратынан педагогикалык маалымат жана технологиялык факультетинин имаратына чейин басып барышты. Учурдагы проблемалык көйгөйлөрдүн  бири болгон СПИД дарты  мындан 35 жыл мурда  пайда болуп, жыл өткөн сайын оорулуулар  дүйнө жүзүндө  көбөйүүдө.

Ар түрдүү китепчелерди жана көрсөтмөлөр студенттерге таркатылып, үгүт иштери жүргүзүлдү. Ал эми жүрүшкө  окутуучулардан; Мамытов Руслан, Таалайбек кызы Аида, Азимбаева Орозбү  жетекчилик кылып, 120 студент чыгышты.

  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ