AVN







ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ - МАНАСТА

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ - МАНАСТА
 Dec 11, 2019  594

ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын жамааты 2019-жылдын 4-декабрь күнү "Манас" күнүнө карата "Эгемендүүлүктүн башаты - "Манаста" деп аталган иш-чара өткөрдү. Эске салсак, "Манас" эпосун сактоо изилдөө жана кеңири жайылтуу максатында улуттук программа иштелип чыгып,2011-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. 2013-жылдын 4-декабрында "Манас","Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги Баку шаарында өткөн "Маиериалдык эмес маданий мурастарды коргоо" боюнча  Өкмөттөр аралык комитеттин 8-сессиясынын чечими менен ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" Репрезентативдүү тизмесине кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 4-декабрь күнү "Манас" күнү деп өлкөбүздө белгиленген.

         Кафедранын улук окутуучусу А.Шерипбаев  иш-чаранын жалпы катышуучуларын "Манас" күнү менен куттуктап иш-чараны ачып берди. Аталган иш-чарада кафедра башчы ф.и.к., Д.Чокоева "Манас" эпосунун илим  жактан өнүгүшү, изилдениши тууралуу, кафедранын профессору К.Калчакеев эпостун түштүк варианттарынын өзгөчүлүгү, жалпы манас таануу илими тууралуу, философия кафедрасынын доценти Г.Токтогулова эпостогу элдик фолософиясы жөнүндө кызыктуу маалыматтарды баяндады. "Манас" күнүнө арналган иш-чарада төмөнкү студенттер "Манас" айтышты:

Педагогика  адистигинин студенти Шерикбай кызы Айдай

Табигый-техникалык факультетинин ветеринария адистигинин студенттери Ормонов Кантемир, Нурбеков Барсбек

Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенти Ырысбек кызы Илим

Жогоруда аталган "Манас "күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараны филология факультетинин деканы ф.и.к., доцент Г.Орозбаева мыкты деңгээлде уюштурулган деп билдирди жана "Манас" айткан студенттердин талантын баалап, аларга ийгиликтерди каалады.

  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ - МАНАСТА
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ - МАНАСТА
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ - МАНАСТА