AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ
 Dec 10, 2019  565

Экономикалык – юридикалык факультетинин “Финансы жана кредит” профилинин 2 -курсунун ФКк-1-18 тайпасынын студенттери э.и.д., профессор А.Аскарова, окутуучу Н.Ражабалиева менен биргеликте “Бюджет жана бюджеттик система” предметинен практикалык сабакты өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына барышты. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад  башкармалыгынын жетекчиси Раматиллаев А.А. бөлүмдөрдүн кызматкерлери, алардын аткарган иштери менен тааныштырып, студенттерге Жалал-Абад шаарынын бюджетинин түзүлүшү, бюджеттин кирешелери, чыгашалары тууралуу кеңири түшүндүрүп берди. Андан соң казына бөлүмүнүн кызматкерлери, бөлүмдөрү менен тааныштырып чыкты. Казына бөлүмүнүн башчысы Сартбаев А.Р. студенттерге бюджетти аткаруунун казыналык системасы, бюджетке кирешелер үч эсеп: бюджеттик эсеп, атайын эсеп жана депозиттик эсепке түшө тургандыгын, казыналык “1С-казына” программасында иштей тургандыгы тууралуу кенен маалымат берди.Студенттер кызыгуу менен угуп, суроолорду берип жатышты.Практикалык сабакты  тиешелүү мекеме ишканаларга барып өтүү оң натыйжа берип, студенттердин кесипкөй адис болуп калыптануусуна чоң салым кошот

Мекеменин  жамааты менен жылуу пикир алышып, студенттердин практика өтүүсү,   бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу, аларды даярдоодогу компетенциялар, талаптар тууралуу сүйлөшүштү. Бош жумуш орундары болгон учурда министрликтин сайтында конкурс жарыяланып, конкурстун негизинде  тестти жакшы тапшырган  жогорку курстун студенттерин да ишке ала тургандыктарын айтышты.

Э.и.д., профессор Аскарова А.К., окутуучу Ражабалиева Н. сөз сүйлөшүп, студенттерди практикага жайгаштыруу, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу азыркы учурда адистерди даярдоонун негизги талабы болгондуктан эки тараптуу иш алып баруу, кызматташуу оң натыйжаларды берет, мындан ары дагы биздин кафедра менен тыгыз байланышта болуу керектигин баса белгилеп, мекеменин жетекчилигине, кызмтакерлерине  ыраазычылыктарын билдирип  кетишти

  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ