AVN







ЖАМУДА ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ

ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ
 Dec 10, 2019  572

«ЖАМУда  окуганыма сыймыктанамын, бекем ден-соолук менен терең  билимге карай”  аттуу спорттук мелдеш медицина колледжнде уюштурулду.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата  медициналык колледжинин “Дарылоо иши” жана “Фармация” адистиктеринин  1-2-курсттарынын студенттери арасында  «ЖАМУда  окуганыма сыймыктанамын, бекем ден-соолук менен терең  билимге карай”  аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү. Спорттук мелдеште  эстафеталык оюндун   6 түрү боюнча таймаш жүрдү.

 Экинчи курсттар арасында  1-орунду Лд-1-18 тайпасы, 2-орунду Фарм-1-18 тайпасы, 3-орунду Фарм-2-18  тайпасынын  студенттери ээ болушту. 1-2-3-орунду алган тайпаларга медициналык колледжинин дипломдору берилди. Ал эми 1-курсттар арасында 1-орунду Фарм-1-19 тайпасы, 2-орунду Фарм-2-19 тайпасы, 3-орунду Фарм-4-19 тайпасынын студенттери ээ болушту.

Эске салсак, спорттук мелдештин демилгечилери колледждин Жаштар комитети жана тарбия иштер боюнча директордун орун басары  Г.Темирбаева.

  • ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ
  • ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ
  • ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ
  • ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ
  • ЖАМУДА  ОКУГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ