AVN







САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН

САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН
 Dec 10, 2019  623

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин    “Башкаруунун автоматташтырылган системалары" кафедрасынын студенттери  "Санарип Кыргызстан - студенттердин көз карашы менен " аттуу конференцияга катышып келишти.

 Аталган кафедранын башчысы   п.и.к., доцент  Сапар Ажыкуловдун жетекчилиги менен  Ош мамлекеттик университеттине "Информатика эсептөө техникасы" багыты жана "Информатика" багыты боюнча 10 студент барган. "Санарип Кыргызстан - студенттердин көз карашы менен " аттуу конференциясында  мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттер жана студенттер IT технологияларынын учурдагы орду, келечеги жөнүндө баяндамаларын жасашып, тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүштү.
Биздин студенттердин IT тармагына болгон кызыгуулары дагы да болсо артып, көз караштары өзгөрүп, бир топ жакшы идеалар менен келишти – дейт С. Ажыкулов.

Конференциянын катышуучулары үчүн иш-чаранын алкагында ОшМУда экскрусия уюштурулуп, санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен жеринде таанышышкан.
Белгилей кетсек, конференция Ош мамлекеттик университетинде өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлкекеттик комитети менен биргеликте уюштурулган.

 

  • САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН
  • САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН
  • САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН
  • САНАРИП КЫРГЫЗСТАН - СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН