AVN

ХИМИКТЕР СУЗАКТАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ БАРЫШТЫ

ХИМИКТЕР СУЗАКТАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ БАРЫШТЫ
 Dec 9, 2019  753

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Сузактагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген     жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин жашоочуларын жеринде куттукташты.

Сузак районунун Октябрь айыл аймагында жайгашкан улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген     жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген 90дон ашуун жаран жашайт. 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата,  карылар үчүн  атайын даярдалган белектерди,  таттууларды алып барышкан.

Карылар менен жолугушууга  “Химия”кафедрасынын башчысы Н. Арстанбекова, окутуучулар Н.Маматураимова, М.Сатканкулова жана студенттер барышкан. Калктын аярлуу катмары болуп саналган бул жердин жашоочуларына студенттер концерттик программа даярдап, майрамдык маанай тартуулашты.

Соңунда карылар ЖАМУнун студенттерине жана окутуучуларына ак баталарын берип, Сузактагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген     жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин директору  Майрам Узакбаева ыраазычылыгын билдирди.

  • ХИМИКТЕР СУЗАКТАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ БАРЫШТЫ