AVN







КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ

КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
 Nov 9, 2017  1930

    Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан “Көчмөндөр маданияты” аттуу фестиваль уюштурулуп, 8-9-ноябрь күндөрү университеттин чоң жыйындар залында болду. Анда  көчмөдөр оюндары ойнолуп, кыргыздын улуттук тамактары көргөзмөгө коюлду.  Ошондой эле студенттер байыркы ата-бабалардын жашоосун, үрп-адатын сахналаштырышкан. Алардын талантына баа берип, атайын калыстар тобу иш алып барышууда.

    Алгач улуттук оюндар ойнолуп, улуттук тамак-аштар көргөзмөгө коюлду.   ЖАМУнун тарбия жана МТС проректору Айгул Доранованын айтымында,  “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата окуу жайдын факультет жана колледждеринде окуп жаткан студенттеринин арасында “Көчмөндөр маданияты” аттуу фестивалы  болууда. Мындай иш-чараны ар жылы уюштурууну максат кылуудабыз. Анткени жаштар ата-бабалардан калган салт-санааларды, тамак-аштарды жана оюн-зоокторду унутуп калбашы керек. Кийинки муунга тарыхыбызды калтырып кетүү ниетте аталган фестивалды өткөрүүдөбүз” – деди А. Доранова.

    Андан соң “Көчмөндөр маданияты” фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, медициналык колледжи, педагогикалык жана маалымат технологиялар факультети, экономикалык жана юридикалык факультети жана Жалал-Абад колледжинин студенттери концерттик программа тартуулап, таланттары менен таймашышты.

   ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректору Курманбек Алыбаев сөзгө чыгып, иш-чараны ачып берди.  “Жалпы элдин, улуттун өз тарыхы болот. Ар бир эл өткөн тарыхын билмейин алдыгы өспөйт. Андыктан биздин келечек ээлери болгон жаштарыбыз ата-бабалардын басып өткөн жолун, каада-салтын билүүсү абзел. Кыргыз эли байыркы элбиз, тарыхыбыз да бай. Бирок, бир мезгилде жоголуп кетүү коркунучу да болгон. Ал мезгил артта калды. Бүгүнкү иш-чара мезгил талабы болууда. Жаштар элибиздин тупкү тарыхын билип, ошону сактап калуусу абзел” – деген оюн билдирди.

    Ошентип, студенттер иш-чаранын негизги өзөгүн түзгөн концерттик программасын тартуулап, калыстардын сынына коюшту. Фестивалдын биринчи күнүндө 4 факультет таймашып, ар бири алына жараша өнөр көргөзүштү.

  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
  • КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ