AVN







ЖАШТАРДЫН ЖАЛПЫ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ

ЖАШТАРДЫН ЖАЛПЫ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ
 Dec 9, 2019  552

Филология факультетинин  кыргыз тили кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Жалал-Абаддагы  Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын жамааты менен жолугушту. Анда  550300 филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили үчүн түзүлгөн негизги билим берүү программасын  талкуулашты. Бул тууралуу кафедранын улуу окутуучусу Г.Ашимбаева кабарлады.

         Негизги билим берүү программасы боюнча талкуу жүргүзүлүп, иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлери эске алынаары белгиленди. “Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын жамааты ЖАМУда билим берүү сапаты талапка ылайык. Антсе да, жаштарды теория менен эле суугарбастан, адамкерчиликтүүлүктү, кийинүү маданиятын жана жалпы дүйнө таанымын өнүктүрүү багытына көңүл бурсаңыздар” – деген сунушту айтышты дейт Г. Ашимбаева.

Талкууга кыргыз тили кафедрасынан кафедра башчы Г.Бакирова, проф.м.а. А.Оморов, доцент м.а. Г.Көчөрова, улуу окутуучулар Р.Келдибаева, Г.Ашимбаева, К.Кошойкановдор катышышты.

  • ЖАШТАРДЫН ЖАЛПЫ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ
  • ЖАШТАРДЫН ЖАЛПЫ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ
  • ЖАШТАРДЫН ЖАЛПЫ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ