AVN







КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”

КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”
 Dec 6, 2019  590

«Практикадан алган таасирлер» аттуу тегерек стол ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунда болуп өттү.

Иш-чарага практика жетекчилери,  Конфуций институтунда кесиптик-профилдик практикасын өтөгөн лингвистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү, окуу-котормо практикасын өтөшкөн 3-курстун студенттери, кытай таануу адистигинин студенттери катышышты.

Иш-чаранын максаты институтта практикаларын өтөшкөн студенттер менен  пракатикада аткарган иштери, практикадан алган таасирлери, кытай окутуучулары менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөр, жетишкендиктер жана кыйынчылыктары тууралуу баарлашуу болду.  

Окуу-котормо практикасын өтөшкөн 3-курстун студенттери институтта болгон учурда эмнелерди үйрөнүшкөндүгүн, котормо иштерин кантип жүргүзүшкөндүгүн презентациялашты. Баймурзаева Аймээрим өз презентациясында бул жерден кытай окутуучуларынын жардамы менен китептер менен иштеп, 3 баскычтуу котормо иштерин кантип жүргүзүүнү үйрөнгөндүгүн айтты.

Кесиптик-профилдик практикасын өтөгөн студенттер практика учурунда институттун жандуу турмушуна аралашып, бир топ иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшкөндүктөрүн, кытай окутуучуларынын сабактарына катышышып, сабак өтүүнүн методдорун үйрөнүшкөндүктөрү тууралуу сүйлөп беришти.

Институттун кытай директору Лиао Ченгмэйдин айтуусунда, тил үйрөнүүдө үйрөнүлүп жаткан тилде тынымсыз практикалоо, тартынбай сүйлөө чоң мааниге ээ. Институтта келишкен практиканттардын аракеттери абдан жакшы, ар бир ишке жоопкерчиликтүү мамиледе болушкан.

  • КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”
  • КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”
  • КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”
  • КОНФУЦИЙДЕГИ “ПРАКТИКАДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР...”