AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 6, 2019  793

3-декбарь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин   Жалал-Абад колледжинин жалпы жамааты студенттер менен биргеликте  Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барып жеринде куттукташты.

Анда окуу жайдын социалдык иш жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова, жыл сайын калктын аярлуу катмарына көңүл буруп, бул күндү  белгилөө —мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, айрыкча ушул жайдагы балдарга кам көрүп, окуу жай тарабынан түрдүү жардамдар берилип келгенин  белгиледи.

Аталган мекемеде учурда Кыргызстандын ар тарабынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ар кандай стадиядагы майыптык статуста турган 90дой бала бар.

Колледждин директору Б.М.Турдубаева балдарга ден соолук, кызматкерлердин ишине ийгиликтерди каалап,  аталган  мекемеде тарбияланып жаткан майып балдарды колдоо максатында жалпы 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты тапшырды.

Бул бул иш-чара  «Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында уюшулган. 

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ