AVN







ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН

 Dec 6, 2019  637

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти “Тилим менен улутмун” аттуу республикалык радио таймашка катышууда. Бул тууралуу окуу жайдын социалдык иш жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү  Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте Кыргыз радиосу,  мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүп жатат.

“Тилим менен улутмун” аттуу республикалык радио таймашка  Раева Мадина – М-1-18, Бегалиев Абдымалик – Ф-1-16, Эшенкулов Мыктыбек – Т-1-19 тайпасынын студенттери катышат. Жобого ылайык берилген тапшырманы мыкты аткарган катышуучулар кийинки айланпага жолдомо алышат.