AVN







ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Dec 5, 2019  591

Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн АСжМ ПЦКсындагы БАСк-2-17 жана БАСк-01-18 тайпаларынын өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Окуу планы жана окуу процессинин графигине ылайык “Табигый - техникалык ” бөлүмүнүн Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын БАСк-2-17, БАСк-01-18 тайпаларынын студенттери үчүн пландаштырылган өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы  өткөрүлдү. Бул конференцияга  ЖАМунун практика боюнча жетекчиси Н.Жолдошалиева, ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкыева, табигый-техникалык бөлүмдүн башчысы А.А.Кочкорбаев, АСжМ ПЦКсынын башчысы Д.К.Калдарова жана аталган ПЦКнын  практика жетекчилери: С.А.Маманова, Н.К.Мусакулова, Ж.Ш.Самиева, Ж.Аскаров, А.Ж.Дороновалар катышышты.

Аталган тайпанын студенттери практикаларын шаардык мекемелердин ишканаларында жана жакынкы райондордогу ишканаларда өтөп келишти. Бул конференцияда студенттер өндүрүштүк практика мезгилинде жол картанын негизинде аткарган жумуштарын кеңири презентациялашты. Теориялык билимин практика менен айкалыштырып адистик боюнча көп маалыматтарга ээ болушканын белгилешти.

  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ