AVN







ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
 Dec 5, 2019  835

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасында“Дени сак эл – өнүккөн өлкө”  аттуу аталыштагы  иш-чара болуп өттү. Ал “1-декабрь –Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү”күнүнө карата уюштурулганын кафедрадан билдиришти.

Анын айтымында Биология кафедрасында өткөрүлгөн “Иш-чарага   биология, химия, ветеринардык медицина,электро энергетика жана механика, география  адистигинин1- курсунун студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышышкан.

Биология адистигинде билим берип жаткан  профессордук-окутуучулар курамы“1-декабрь –Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү”  күнүнө карата даңазалап, “ВИЧ/СПИД  оорусу жана алардын алдын алуу”, “Инфекцияны жугузуу механизми” деген темадагы баяндамалар окулуп,  студенттер арасында “ВИЧ/СПИДдин жугуу жолдору”,“ВИЧ кандай учурда жукпайт”,“ВИЧ/СПИДден кантип сактануу керек”, деген темада презентация жасашып, теманын үстүндө окуяларды сахналаштырды.

            Бугүнкү күндө ВИЧ/СПИД оорусунун көбөйүүсүнүн бир себеби жаш муундарыбызда ажырашуу көбөйүп жеңил ойлуулукка алдырып жаткандыгы эң кейиштүү келечек муундарыбыз  үчүн  ар бир жеке инсан ойлонуу керек, ошондо “Дени сак эл – өнүккөн өлкө”боло алабыз жана өлкөбүздү сактап калабыз дейт “Электро энергетика жана механика” кафедрасынын башчысы тех.и.д., профессор Аширалиев Абдиумаматкадыр.

Статистикалык  маалыматтарга таянсак дүйнө жүзүндө  47 млн.  адам ВИЧ/СПИД менен жабыркаса анын ичинен 37 млн.  ушул оору менен каза болгонун “Анатомия жана физиология” кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Ш. Ш. Нурдинов белгилеп ар бир инсан ВИЧ/СПИД инфекциясынын себептерин билиши керек дейт ал.

  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ