AVN







ОКТЯБРЬ РЕВОЮЦИЯСЫНЫН БИЗДИН ТАРЫХДАГЫ ОРДУ

ОКТЯБРЬ РЕВОЮЦИЯСЫНЫН БИЗДИН ТАРЫХДАГЫ ОРДУ
 Nov 8, 2017  1004

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин факультеттеринин, колледждеринин студенттери менен Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевдин  “Тарых жана ата –бабаларды эскерүү күндөрү  жөнүндө”  жарлыгына ылайык иш чаралар өткөрүлдү. Иш чаралар тарых кафедрасынын башчысы т.и.к.доц Э.А. Авазов, философия кафедрасынын башчысы, ф.и.к.доцент  Г.Т.Токтогулова окутуучулары тарабынан жүргүзүлдү.

Жыйынтыктоочу иш чара катары, ЖАМУнун чоң жыйындар залында, “Октябрь революциясынын Кыргыз элинин тарыхындагы орду” аталыштагы университеттик деңгээлде тегерек үстөл өткөрүлдү. Тегерек үстөл илимий иштер боюнча проректор К.С.Алыбаевдин сөзү менен ачылып, профессордук окутуучулук курам жана студенттер катышышты.

Т.и.к.доцент, Э.А.Авазов, филос.и.к.доцент Г.Т. Токтогулова тарабынан илимий баяндамалар окулду. Илимий баяндамалардан кийин студенттер жана окутуучулар тарабынан түрдүүчө суроолор берилди, талкуулар жүргүзүлдү.