AVN







БИЗ НАРКОМАНДЫККА КАРШЫБЫЗ

БИЗ НАРКОМАНДЫККА КАРШЫБЫЗ
 Dec 5, 2019  654

Филология факультетинде профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин катышуусунда “Биз наркомандыкка каршыбыз” аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Аталган иш-чарага факультеттин деканы Гүлбарчын Орозбаева семинар-тренингдин ийгиликтүү өтүшүн каалап, жаштардан жаман адаттарга баруудан, наркомандык жакшы жашоо тартуулабасын белгилеп, сергек жашоого үндөдү.

Семинар-тренингде   ЧТ-1-17 тайпасынын студенти Алиманова Зилола “Биз наркомандыкка каршыбыз” деген теманын тегерегинде жашмарма маалымат берди.

Эске салсак, бул иш-чара ВИЧ/СПИД инфексиясына каршы күрөшүү күнүнө карата  факультеттин деканы жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

  • БИЗ НАРКОМАНДЫККА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ НАРКОМАНДЫККА КАРШЫБЫЗ