AVN







ЖАМУДАН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ

ЖАМУДАН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ
 Dec 4, 2019  681

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин жалпы жамааты, 3-декбарь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата, Жалал-Абаддагы көзү азиздер коомунун мекемесине барып жеринде куттукташты.

Факультеттин деканы Расул Шамшиев, окуу жайдын жамааты жыл сайын калктын аярлуу катмарынан кабар алып келет – бул инсандар  ар дайым колдоого, камкордукка муктаж экендигин   белгиледи.
Белгилей кетсек, 3–декабрь – майыптарды коргоонун Эл аралыккүнүнө карата  2019-жылдын 15-ноябрьдан 15-декабрга чейин  “Биз биргебиз” аттуу акция жарыяланган. Анын алкагында факультеттин  эмгек жамааты а10150(он мин бир жүз элүү) сом өлчөмүндө акчалай жардам беришти. Ошондой эле, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери студенттер менен биргеликте Жалал-Абад шаардык социлдык өнүгүү башкармалыгынын ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган 50дөн ашык жаранга, Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүнүн жашоочуларына материалдык жана моралдык жардам беришкен.

  • ЖАМУДАН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ