AVN

Кытай тилин үйрөнүүчүлөр HSK сынактарын тапшырышты...

Кытай тилин үйрөнүүчүлөр HSK сынактарын тапшырышты...
 Dec 4, 2019  516

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү HSK1, HSK2, HSK3, HSK4 сынактарын тапшырышты. Сынакка институттун бардык пунктуларынан – Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад шаарынан, ЖАЭАУдан, ЖАКтан жана институттун өзүндөгү курстардан болуп – жалпысынан 114 тил үйрөнүүчү катышты. 

Кытай  HSK1, HSK2, HSK3, HSK4, HSK5, HSK6 сынактарын уюштуруу – Конфуций институтунун негизги иш-аракеттеринин бири. Институттун тил үйрөнүүчүсү кытай тилин үйрөнүү деңгээлине жараша сынактарды тапшырып турушат. Балдардын сынактагы жооптору Кытайга жиберилип, ал жактан жогорку балл алгандарга кытай тилин үйрөнгөндүгүн тастыктаган сертификат берилет.

“HSK3 сынагын ийгиликтүү тапшыргандар КНРге 1 жылдык, 5,6 айлык стажировкаларга акысыз жиберилет. Ал жакта биздин студенттер стипендия алып окушат. Алар үчүн кытай тилин тереңирээк үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып жаткан студенттерибиз көп”, - деди институттун директору М.Р.Шакирова.

  • Кытай тилин үйрөнүүчүлөр HSK сынактарын тапшырышты...