Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Педагогика жана психология кафедрасынын жамааты тарабынан, кыргыздын чыгаан атуулу, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы белгиленди.
Жогорудагы кафедранын окутуучусу Гулзат Матасимованын айтымында педагогика жана маалымат технологиялар жана филология факультеттеринин студенттеринин ортосунда конкурс болуп, Д. Садырбаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө суроолордун тегерегинде таймаш жүргөн. Ошондой эле анын өмүр жолу, кыргыз эли үчүн жасап кеткен иштерин камтыган баяндамалар окулган.
Тарых кафедраынын башчысы Эрнист Абасов, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Д. Садырбаев жөнүндө кошумча маалыматтарды айтып, студенттердин ал тууралуу жыйнаган маалыматтары арбын экенин жана изденгендерине ыраазычылык билдирип, таймаштын жеңүүчүлөрүн айтты.
Берилген тапшырмаларга туура жана так жооп берип, калыстардын чечими менен филология факультетинин студенттери жеңишке жетишкен.