AVN







ТАМАШОУ

ТАМАШОУ
 Dec 3, 2019  627

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  факультет колледждеринин студенттеринин арасында ”Тамашоунун” 3-сезонунун 1/8 оюну өткөрүлдү. Оюнга 5 команда катышып, таймаш жүрдү.

 Оюн достук мамилесин чыңдоо жана карым – катнашын  күчөтүү, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү, жаштардын бош убактысын туура, максаттуу, жаратмандык менен пайдаланууга үгүттөө, коомдогу адамдардын жарандык милдетин күчөтүп, кылмыштуулуктан жана зордук-зомбулуктун  алдын  алуу максатында уюштурулган.

  1.  “Динамик” Педагогика жана маалымат технологиялар факультети
  2.  “Ful-star” Филология факультети
  3. “Өчпөс үмүт” Экономика-юридикалык факультети
  4. “ЖАК star” Жалал-Абад колледжи
  5. “Мед-лайн +” Медициналык колледжи

Оюндун соңунда мыкты командалар, 1-2-3- орунду жана эң мыкты тамаша, эң мыкты оюнчу дипломдор менен сыйланып “Дил-Гүл” студиясынын директору Рахматулло Сейдахматов тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту. 1-орун “Мед-лайн +”,  2-орун “ЖАК star” 3-орун “Динамик” ,  “Эң мыкты оюнчу” Арабаев Кудайберди “эң мыкты тамаша” “Мед-лайн +” командарлары  жеңишке жетишти. Уюштуручу топ МЭБтин адистери  жалпы тамашоунун катышуучуларына ыразычылык ирээтинде шириндик (торт) белек кылышты.

  • ТАМАШОУ
  • ТАМАШОУ
  • ТАМАШОУ
  • ТАМАШОУ
  • ТАМАШОУ