AVN







Даанышман

Даанышман
 Nov 8, 2017  1243

ЖАМУнун студенттеринин билим деңгээлин, ой өрүшүн логикалык жактан өнүктүрүү максатында “Даанышман” интелектуалдык оюну болуп өттү. Анда жалпысынан 6 команда күч сынашып, филология факультетинен “Билим нуру”, медицина факультетинен “Улукман”, табигый-техникалык факультетинен “Ойчулдар” жана ПМТФдан “Алтын ордо” командасы  мыкты оюн көргөзүп, финалга жолдомо алышты.  

 Оюн эки күн уланып, жыйынтыгында ПМТФдан катышып жаткан “Алтын ордо” командасынын оюнчулары алдыга озуп чыгып, 1-орунду багындыра алды.

Ошондой эле медицина факультетинен келген “Улукман” командасы 2-орунду алса, табигый-техникалык факультетинин “ойчулдар” командасы 3-орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар жумалыгы өткөрүлөт. Ал эми жеңишке жеткен  оюнчулардын сыйлыктарын тапшыруу  аземи 17-ноябарь күнү болот.

  • Даанышман
  • Даанышман
  • Даанышман