AVN







КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК

КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК
 Dec 2, 2019  624

Педагогика жана маалыматтар технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын социалдык иш багытынын СКк-1-17 тайпасында куратордук ачык сабак өттү.

Ачык сабак Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коомдук ишмер, публицист, режиссёр жана саясатчы Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракесине арналды.

Ачык сабактын жүрүшүндө Дооронбек Садырбаевдин өмүр жолу тууралуу слайд жасалып, анын калемине таандык ырлар көркөм окулду жана ал режиссерлук кылып тартылган кинолордон студенттер тарабынан сахналаштырылды.

Коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болсо быйыл 80 жашка толмок. Анын ысымы Ноокендин Масы айыл аймагындагы көчөгө, Бүргөндү айыл аймагындагы №33 орто мектепке ыйгарылган. Ошондой эле, А.Кулумбетов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музейде              Д. Садырбаевдин эмгектери жана колдонгон буюм-тайымдары коюлган.

  • КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК
  • КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК
  • КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК
  • КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК
  • КУРАТОРДУК АЧЫК САБАК