AVN







ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ

ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
 Dec 2, 2019  1838

Медицина факультетинин  Морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Мамытов Руслан ЛДк-5-19 тайпасына ачык саат өттү. Ачык сааттын темасы «День борьбы со СПИД» - деп аталып, жугуштуу инфекциянын тегерегинде талкуу жүрдү.

Р. Мамытовдун айтымында, оору  адамдын сырткы келбетинен байкалбайт. ВИЧтин вирусу көп жылга чейин, 10-15 жылдап адамдын организминде жүрүшү мүмкүн. Бирок, жыл өткөн сайын иммунитет төмөндөйт дагы ошол мезгилде оору башталат. Ар кандай жугуштуу оорулар, айталы кургак учук, өпкөнүн сезгениши, ич өткөк, дененин ысышы сыяктуу оорулар менен тез-тез ооруп турат. Ал бир айлап созулушу ыктымал. Андыктан, адамдын канында ВИЧ-инфекциясынын болушун атайын тесттердин, канга анализ жасоонун жардамы менен гана аныктоого болот. Алар атайын борборлордо же ооруканаларда жүргүзүлөт.
- ВИЧ-инфекциясы үч жол менен жугат. Кан аркылуу, жыныстык жол менен, ошондой эле эне баласын эмизип жүргөн учурда энеден балага жана төрөт учурунда жугат. Донордун каны ВИЧке текшерилбесе, донордук канды куюуда ВИЧти жуктуруу мүмкүн. Азыр баңгизаттарын шприц менен колдонгондордун арасында ВИЧ кеңири тараган десек болот. Себеби, алар көбүнчө бир шприц жана ийне колдонушат. Республикабызда ВИЧке чалдыккан адамдардын 70 пайызы баңгилер, алар негизинен баңгизаттарын ийне аркылуу колдонгондор.

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстанда  ВИЧ илдети  менен жабыркагандардын саны 2019-жылдын  1-ноябрына карата 2600дөн ашык адам катталганы айтылууда. Алардын эң көбү Чүйдө катталып, 640ка жеткен, эң азы - Нарында 5 адам бар.

  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ
  • ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ ҮЧ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ