AVN







МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ

МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ
 Dec 2, 2019  638

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин МТ жана СИ боюнча проректору А.Д.Доранова  жана мед пунктун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20-ноябрь 2015-жылкы  №790, 7-сентябрь 2018-жылкы №420 кошумча өзгөртүүлөр менен кирген токтомунун негизинде «Кыргыз Республикасынын жарандарды медициналык жактан камсыздандыруу»  жана «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси» жөнүндөгү токтомдун негизинде студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин МТ жана СИ боюнча проректору А.Д.Доранованын айтымында, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери чакыртылган.

«Кыргыз Республикасынын жарандарды медициналык жактан камсыздандыруу»  жана «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси» жөнүндө ар бир студентке жеткирүү зарыл анткени ЖАМУда  Кыргызыстандын башка областтарынан ошондой эле чет элден келген жарандар окуп жатышат. Ар бир жаран өз милдеттерин ошондой эле өз укутарын билүүсү зарыл- дейт Ибраимова Нурсулуу

  • МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ