AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Dec 2, 2019  581

Медицина факультетинин «Гигиена жана коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасынын окутуучулары  «Карылар күнүнө» карата  Курортный подхоз 37\13 дарегиндеги 1935-жылы туулган Тургунова Роза Бареевнадан кабар алышты.

Кыргыз эли улуулары  урматтаган, аларды жол башчы катары санап, кеп-кеңешин угуп келген. «Карысы бардын –ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе- ишке,кары келсе-ашка» деген накыл сөздөр урпактарыз тарабынан айтылып, алардын тарбияга бекем экендигинен кабар берет.

  Көп  жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү,  каниет-сабыры ар-дайым кийинки муун үчүн улуу сабак болуп келген. Андыктан бүгүнкү аткарган ишибиз улууларга урмат-сый көрсөтүү болуп саналат.  

Р. Тургуновага жалпы жамаат тарабынан азык-түлүк, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү каражаттар тапшырылып, ден-соолугу текшерилди.