AVN







КАЙРЫМДУУЛУК МАРАФОН

КАЙРЫМДУУЛУК МАРАФОН
 Nov 30, 2019  667

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Тунук тилек коомдук фонду тарабынан уюштурулган марафонго катышып, өз салымын кошту.

Марафон 3-декабрь-балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата уюштурулган.  Ден-соолугунун  мүмкүнчүлүгү чектелүү  жарандарды колдоо, алардын коомдогу ордун жогорулатуу менен социалдык абалын жакшыртууга багытталган кайырымдуулук марафон концерти өткөрүлүп, анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү  таланттуу инсандар өз өнөрлөрүн  тартуулашты.

Окуу жайдын социалдык иш жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранованын айтымында, окуу жайдын административдин башкаруу персоналы тарабынан   3660сом жардам көрсөтүлгөн. “Калктын аярлуу катмары болгон бул инсандардын коомдо өз орду бар. Жараткандын берген сыноосуна сынбай, өз ден соолуктарына кам көрүп, замандан артта калбай турмуш кечирүүдөсүздөр. Ошондой эле бүгүнкү иш-чарада таланттарыңыздарга күбө болуп турбыз. Ар бириңерге ден соолук, жашооңорго ийгилик каалайм” – деген оюн  айтып, марафондун уюштуруучуларынын ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, админстративдик башкаруу персоналы жалпы 90 адам болсо, марафонго 69у өз көнүлүнөн чыгарып каражат жыйнап беришкен.