AVN







ЖАМУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖАМУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
 Nov 30, 2019  591

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин 50 профессор-окутуучу жана кызматкер айымдары  29-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад обласынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппартынын жыйындар залында уюштуруган форумга катышышты.

 “Шайлоо 2020, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  мыйзамындагы толуктоолор жана өзгөчөлүлүктөрү боюнча маалыматтык компания. “Аялдардын демократиялык тармагы”, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Эл аралык Республикалык Институту менен биргеликте (IRI)  өткөрүлдү.

Форумга КРнын ЖК депутаттары Осмонова Айнура, Алтынбаева Айнуру, Каримов Нодирбек жана Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымынын орун басары Багматов Абдыжапар, Жалал-Абад облусунун өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек  , Аялдар демократялык тармагынын Аткаруучу Директору Байбетова Гулжан келип бүгүнкү күндөгү  аялдардын шайлоодогу орду жана катышуусу  2020-жылы өтө турган шайлоого даярдануу жана өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөрдү, толуктоолорду тааныштырып, жергиликтүү кеңештерге аял депутаттарды катыштыруу жөнүндө сөз болгонун форумдун жыйынтыгында суроо- жооптор, маанилүү пикир алмашуулар болгонун Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин МТ жана СИ боюнча проректору А.Д.Доранова билдирди.

  • ЖАМУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
  • ЖАМУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
  • ЖАМУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ