AVN







ЖАМУнун окутуучулары Эл аралык илимий-практикалык конференцияда

ЖАМУнун окутуучулары Эл аралык илимий-практикалык конференцияда
 Nov 30, 2019  580

Педагогика жана маалыматтар технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын доценти Г.Т. Токтогулова жана окутуучу Ы.М. Кожоназарова Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн Эл аралык илимий-практикалык конференция катышып келишти.

Конференция “Борбордук Азия мамлекеттеринде социалдык иш багыты боюнча кадрларды даярдоонун тенденциялары жана проблемалары” деген темада уюштурулган.

Конференцияга Ош, Жалал-Абад областарынын жана кошуна Тажикистан, Өзбекистан республикаларынын  жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

  • ЖАМУнун окутуучулары Эл аралык илимий-практикалык конференцияда