AVN







ЖАШТАР КҮНҮ

ЖАШТАР КҮНҮ
 Nov 29, 2019  712

Медицина факультетинин Морфологиялык дициплиналар кафедрасынын окутуучусу О. Азимбаева ЛДк – 1-19 тайпасына тарбиялык саат өттү.  Тарбиялык саат   Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюшулган.

Жыл сайын 10-ноябрда жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Англиянын Лондон шаарында бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы (World Federationof Democratic Youth, WFDY) түзүлөт. Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү ушул окуянын урматына белгиленип калган. Ал эми демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү демилгесин Дүйнөлүк жаштар кеңеши көтөрүп чыккан.  Аталган кеңеш Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда  фашизм менен күрөшүү үчүн түптөлгөн. 1945-жылы өткөн демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясына  63 улуттан ар кайсы диндеги 30 миллиондон ашык жаштар катышкан.

Жаштар күнүн белгилөөгө Кыргыз өлкөсүндө  2002-жылы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, 14-январда өкмөттүн токтому менен жаш муундун демократиялуу өлкөбүздө активдүү болуусун жана жаштар саясатын өнүктүрүү максатында 10-ноябрь Кыргыз өлкөсүндө  да жаштар күнү катары белгиленген.  Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" мыйзамына ылайык, өлкөнүн жаш курактагы жарандары катары 14 жаштан 28 жашка чейинкилер эсептелет.

  • ЖАШТАР КҮНҮ