AVN







Кочкор-Ата колледжинде «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» ачылды

Кочкор-Ата колледжинде «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» ачылды
 Nov 1, 2017  1099

Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондусу жана Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан 2017-жылдын 27-октябрында Кочкор-Ата шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжинин базасында «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун» (ТИКБ) филиалы ачылып, «Эл аралык маалымат базаларын пайдалануу менен патент маалыматтарын издөө» аталышындагы тренинг өткөрүлдү.

Треннингтин ачылышында ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректору Алыбаев Курманбек, интелектуалдык  менчик  мамлекеттик  фондусунун башкы адиси Батырбеков Талгар  жана Кочкор-Ата колледжинин директору  Тампагаров Куштарбек сөз сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» жана ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжинин ортосунда келишим түзүлүп кол коюлду.

Кадыралиева Венера – жогорудагы  колледждин окутуучусу «Кочкор-Ата колледжинин ишкердиги» темасында доклад окуп окуу жайдын тарыхын, ишмердүүлүгүн чагылдырып баяндап берди.

Асилова Зульфия - ЖАМУнун Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координатору «Инновациялардын өнүгүүсүндөгү ТИКБнын ролу» аталышында баяндама жасап, ЖАМУда акыркы жылдарда ТИКБ нын ишмердүүлүгүнө токтолду.

Батырбеков Талгар - Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун башкы адиси «Эл аралык маалымат базаларын пайдалануу менен патент маалыматтарын издөө» алталышта кеңири баяндама жасады.

Душанов А. - ТИКБнын адиси «Электрондук заявка берүү» аталышында  баяндама жасады.

Тренингтин жүрүшүндө «Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун ишмердүүлүгү» темасында 35 мүнөттүк видео тасма көрсөтүлдү.

 Кочкор-Ата колледжиндеги ТИКБнын филиалынын координатору болуп Юсупжан уулу Ибрагим  дайындалды.

  • Кочкор-Ата колледжинде «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» ачылды
  • Кочкор-Ата колледжинде «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» ачылды
  • Кочкор-Ата колледжинде «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору» ачылды